Вход Регистрация

Закрыть

Текст песни Шерине

Бар элимдин сайраны,
Күлкү-ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын-ырчы, шайырлай, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге.

Чапкын атты, чабарман,
Чакыргыла, кабар бергиле.
Бүгүн бизде шерине,
Келгин, тууган, достор, келгиле.
Шери-шери-шерине,
Шаң тарасын кыргыз жерине.

Кайырма:

Капалыгым алыс качат,
Кубандырып көңүл ачат,
Биздин шерине.
Күнү тынбай ырдашабыз.
Таң атыра сырдашабыз,
Келгиле бизге.

Кайырма:


Комментировать